Боом капчыгайында 10 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды
Бишкек-Торугарт унаа жолунда, Көк-Мойнок айылына жакын жерде 28-июль күнү жол кырсыгы катталган. Анда күбөлөр күмүш түстөгү Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу 10 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенин айтышкан. Ал эми жаракат алган 10 жашар Б.М. кырсык болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 29-июлда билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кылмышкерди кармоого милиция кызматкерлери менен МАИчилер тартылган. Натыйжада 28-июль күнү кечинде Кемин – Бишкек унаа жолунда шектүү катары Фольксваген Пассат унаасы менен Тоң районунун 43 жаштагы тургуну К.Т. кармалды.
Маалыматка караганда, ал жеңил унаасы менен кызды сүзүп, түн ичинде качып кетүүнү көздөгөн.
Шектүүнүн унаасын текшерүүдө кан болгон чачтар табылган. Бүгүн тергөөнүн жүрүшүндө жол кырсыгы болгон жерден дагы башка далилдер табылды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
AiBoru

29.07.2015. 23:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куболор коргондо Хонда-Степвагон унаасы менен сузду деп, анан кайра Фольсваген Пассат менен сузду дегенди кандай тушунсо болот?
Айпери Ганыжан кызы

30.07.2015. 11:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AiBoru, Саламатсызбы! Кабар ИИМдин маалыматы боюнча жазылды. Күбөлөр Хонда-Степвагон унаасы деп көрсөтмө беришкен. Кармоо учурунда шектүү катары Фольсваген-Пассат унаасынын айдоочусу колго түшүрүлгөн.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.