super.kg logo

Шамбет-Сайдын тургундары "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ыраазычылыгын билдиришти

 

Жуманын башында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Майдан айылындагы Шамбет-Сай жергесине барып кайтты. Бул аймактын эли айылдагы көйгөйлөрүн ортого салышты. 

Өмүрбек Текебаев андагы шайлоочулары менен жолугуп, "Ата Мекен" фракциясынын 5 жылда жасаган иштери боюнча маалымат берди. Ал жолугушууга 200дөй адам жыйналып, көп жылдан бери өз укугу үчүн күрөшүп келе жатышкандыгын айтышты. Чет элдик инвесторлорбуз деген адамдар алтын казып алабыз деп айылдын четиндеги тоону жардырып жатышканын, өз укугун коргогон элди жергиликтүү бийликтер, милиция басмырлап коркутуп жатышканын, эч ким алардын маселесине көңүл бөлбөй жана жардам бербей жатканын депутат жашоочулардын өз оозунан угуп, айылдыктар менен көпкө баарлашты. 

Кен казылып алынып жаткан жер айылдын чети экен, ал эми анын жанынан агып өтүп жаткан атактуу Исфайрам дарыясы кенден болгону 400 метр алыстыкта жайгашкандыктан, экологиялык катастрофага толук алып келиши мүмкүн экенин айылдыктар зар какшап айтышты. Анткени аталган дарыядан 150 миңден ашык калк суу ичип, сугат иштери жүргүзүлөт. Көп калк жашаган Кызыл-Кыя шаарына пайдаланылып, дарыя Өзбекстандын айылдарына чейин агып барат. Демек, дарыя эл аралык мааниге дагы ээ. Элдин нааразылыгына карабай кендин иштетилиши натыйжада экологиялык кырдаалды бузуп, элге, жаратылышка зыян алып келери толук мүмкүн. Бул өз кезегинде жергиликтүү калктын турмуш образына өзгөртүү киргизип, реалдуу коркунуч туудурарын тургундар айтып беришти.

Ал жолугушууда Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын көз карашы, принциптери жөнүндө айтып келип: "Кыргыз Республикасынын табигый байлыктары элдики. Демек, элдин гана кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Жергиликтүү калктын макулдугусуз тоо кенин иштетүүгө эч кимдин акысы жок. Эгерде бүгүн бул алтын алынбаса, 50-100 жылдан кийин биздин келечек муунга калат. Ошондуктан
атка минерлердин зордук менен, элди коркутуу жолу менен чет элдик компанияларга кыргыз жеринин алтынын алып кетүүгө шарт түзгөндүгү - туура эмес саясат. Биз сиздердин позицияңыздарды колдойбуз",-
деп жарыялады.

Эл биринчи жолу борбордон бийлик өкүлдөрү келип ушундай ачык жана так позициясын айткандыгына Өмүрбек Текебаевге терең ыраазычылыгын билдиришти.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.07.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев эми Кыргызстандын тээ четтеги айылдарына да барып койгойлорун уга баштаганы жакшы жышаан. Биздин окмоттун эн аксак жери ушул, Кыргызстандын бир да чон барбаган айылдары бар. Бечара Шамбесайлыктарды тээ америкадагы индээцтердей коруп, аларды козго илбей, каалаганын жасап жаткан жергиликтуу жеткчилерге жол болсун. Индээцтерди дагы ошол ичиндеги душмандар саткан. Эй туугандар козубузду ачалы, кыргыздын алыскы айылдарына да барчу учур келди. Качанга чейин каражат жок деп олтурабыз.
29.07.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шамбесайлыктар жыргасынар эми, Текебаев озу киришип калыптыр. Жалпы эле Баткенди кароочу учур келди.
30.07.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоо жакындап калды. Баардыгынар кузго чейин маселелеринерди чечтирип алгыла. Кечиксенер 2017ге чейин кутуп каласынар.
30.07.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shaar, сайттын башка колдонуучусун мазактоого жол жок! 10 күн БАН!
30.07.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Мекен айттыбы аткарат! Ишенип койгула, буюрса өлкөбүз өсүп-өнүгөт! Ата Мекенчилер катуу иштеп жатышат. Алар айтканынан кайтпаган, элдин көйгөйүн көтөргөн чиновниктер(Ата Мекенчилер)
30.07.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кезек Омурбек,Т. да келип жетти окшойт,башка татыктуусун деле коро албай жатам,мен колдойм 2017 жылы!!!
31.07.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге тоонун түбүнө барып алышкан, же айыл тоого ушунчалык жакын жайгашканбы? Тоодо эч нерсе өспөйт го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: