super.kg logo

"Санариптик Кыргызстан - өлкөнүн келечеги" аттуу тегерек стол өттү

 

Аптанын башында Бишкекте Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева, депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен" фракциясы) тарабынан уюштурулган “Санариптик Кыргызстан – өлкөнүн келечеги” аттуу тегерек стол өттү. Иш-чарага транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Экономика министрлигинин адистери, “Кыргыз телекомдун” өкүлү Марат Исманов жана бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Наталья Никитенко азыркы учурдагы Кыргыз Республикасындагы маалыматташтырууну оптимизациялоону, мамлекеттик мекемелерди электрондук системге өткөрүүнү, коммуналдык төлөмдөрдү электрондук систем аркылуу жүргүзүүнү белгиледи. “Интернет технологиясы - коррупция менен күрөшүүдөгү негизги кадам. Ошондуктан атка минерлер буга кызыкдар эмес”,- деди Никитенко.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов жогоруда айтылган электрондук системде иш жүргүзүү боюнча дээрлик бардык иш пландарды ал иштеген мекеме даярдап койгонун, жакында Ак үйдөн тартып бир катар мамлекеттик мекемелерди аталган жаңы технологиялар менен камсыздоого даяр экендигин билдирип, катышуучулардын көңүлүн ушул багытта даярдап келген презентацияга бурду.

Экономика министрлигинин өкүлү мамлекет тарабынан мамлекеттик мекемелерди санариптик системге өткөрүү боюнча керектүү каржы маселелери чечилгендигин жана бул системдин ыңгайлуулугун баяндаган презентациясын сунуш кылды.   

Ошентип, талаш-тартыштар, реалдуу сунуштар менен коштолгон тегерек стол өз максатына жетип, өлкөгө маалымат алмашуунун жана мамлекеттин жумушун бир кыйла жеңилдетүүгө аталган заманбап электрондук системдин ролу чоң экендигин катышуучулар билдиришти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.07.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санарип дегенинер болбогон нерсе экен,чыйт чуйт деп катып калып корунчу эле азыр вообще корунбой калды.Андан коро баштагы анолог системи жакшы болчу эле.Эки жолу антенна да алмаштырып кордум эч балее жок.Рисеверди да алмашып кордум,алмашсам жалан Озбек каналдар коргозуп жатат.Мен Кадамжайдын Халмион айылынан болом,санариптин качествосун текшере турган бироо жарым барбы деги?
30.07.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai, аналог системинен 3-4 канал корчубуз. А бул санарип менен 25-30 каналга чыкты. Менде жакшы эле тартып атат. Телевизорундан болсо керек. Жакшылап карап кор да. Сервис центрине байланышып кор.
30.07.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санариптик телеберуу мага жакты. Бизде тартып атат 22 канал. Мурун 9 канал болчу. И то чыбырчыктап тартчу.
Тоолор бар жерлерде анча-мынчасына санарип жакшы иштебей жатат деп угуп атам. Балким тоолор тоскоолдук кылып жатат.
30.07.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pitbull_I, Сервис центри кайда экен эми?эмнеси болсо да жакшы корсото турган кылып карап коюшса жер жерлерди.Bekerpos сен кай жакта жашайсын 25,30 канал тартса, коп тартат экен го?Санариптин кошунасы болот окшойсун.Менимче ушу тоолор тосуп жатабы дейм да,тоолордун баарын тегиздеп сурдуруш керекби.
30.07.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai, 1212 номерине чалсан сервис центрдики. http://www.sanarip.kg сайты. Мен Арча Бешикте жашайм. Точно санасам, 21 канал экен.
Pitbull_I түзөттү 2015-07-30 12:40:41
30.07.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pitbull_I, шаарда билбедим го бирок айылда болбойт экен 9канал бирок катый берет экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: