Дарыгер: "Омардын абалы жакшы, бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулушу мүмкүн"

Ырчы Омардын абалы жакшы, бүгүн палатага которулушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Талас облустук ооруканасынын башчысы Шаршенбек Жумашалиев SUPER.KG порталына билдирди.
“Омардын абалы кечээкиге караганда жакшы. Учурда аны кардиологдор көрүп жатышат. Бүгүн кардиология бөлүмүнө которулуп калышы мүмкүн”,- дейт оорукана башчысы.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.
28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.

1. Чечим адилетсиз болгонуу учун, Омар ак жеринен жала жабылганына чыдабай ооруп калды деген ой келип жатат.
2. Мен Омарга ишенем,мыкты жигиттердин бири деп ойлойм. Мындай нерсеге барбайт деп ойлойм. Бирок чын эле ушундай ишке барган болсо, анда Омарга да саясатчылардын фишкасы жугуп калган болобу.