Жети-Өгүз райондук электр тармактарында электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды
Жети-Өгүз райондук электр тармактарында электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын январь айында Жети-Өгүз райондук электр тармактарынын жетекчилиги пландын аткарылбай калгандыгына байланыштуу 1,4 миллион киловатт-саат электр энергиясын эсептен чыгарган. Аны жабуу үчүн жалган акт түзүшүп, “Кашка-Суу” насостук станциясына 2 миллион 681 миң сом дебитордук карызды жазып коюшкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
-1

Ката түзөтүлдү. Рахмат!