Бишкекте жеңил унаа күйүп кетти








Бишкектин Исанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаа күйүп кетти. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок.
Автор: Асхат Субанбеков
"Жолдун жээгине токтоп, сыртка чыгып телефон менен сүйлөшүп, кайра унаамды айдайын десем от албай койду. Унаанын ичи бензин жыттана баштаганынан капотун ачып карасам, өрт тутана баштаган экен. Жакын жердеги көп кабаттуу үйдүн жанынан суу агып жатыптыр. Чакалар менен суу ташып чачсак от өчпөй, кайра күчөй баштаганынан өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык. Өрт эмнеден чыкканын билбейм",- деди атын атагысы келбеген унаанын айдоочусу. Өрттү өчүргөнгө жетишип калган өрт өчүрүүчүлөрдүн бири Урмат Токторбаев: "Айдоочунун жанында өрт өчүрүүчү баллон жок экен. Эгер болгондо өзү эле өчүрүп калууга жетишмек. Бизге чакыруу түшкөн соң 6 мүнөттө келдик. Бир аз кечиксек унаа толугу менен күйүп кетмек ",- деген пикирин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
kuba88

30.07.2015. 12:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу чачпаш керек болчу чупурок менен очуруш керек бодчу
bolotbai

30.07.2015. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын суу чачбай эле,тряпка кийим кече костюм,же болбосо орундуктун чехолун сыйырып алып аба киргизбей жаап салса озу эле очуп калмак.
Shamdagai2013

30.07.2015. 12:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озун кудай сактаптыр жакшы.Машина табылат буюрса.Адамдын омурун эч кайдан таппайсын!
Guli.K.E.

30.07.2015. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жана эле кордум эле, аябай жаман куйду качан жарылып кетет деп коркуп кеттим. Эмне себептен куйуп кетти экен интересно?(((
karona

31.07.2015. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазбай эле коеюнчу, бир нерсе дегим келди эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.