super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" менен "Жаңы муун" шайлоодо кызматташуу чечимине келишти

 
"Ата Мекен" партиясы менен "Жаңы муун" кыймылы парламенттик шайлоодо кызматташуу чечимине келишти. Эки уюмдун жетекчилери Өмүрбек Текебаев менен Мавлян Аскарбеков бүгүн, 30-июлда жолугушуп, бир пикирге келгенин жарыялашты. Кызматташуу меморандумуна кол коюу сентябрь айына жылдырылганын аталган партиядан SUPER.KG порталына билдиришти. "Меморандумга бүгүн кол коюу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү тууралуу жобого туура келбей калат. Ошондуктан сентябрь айына, үгүт иштери расмий башталган учурга жылдырылды",- деп билдиришти партиядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: