Исфайрам дарыясына түшүп кетип каза болгон Польша мамлекетинин жараны суудан дале чыгарыла элек
29-июль күнү саат 19:40 чамасында Польша мамлекетинин жараны, 1979-жылы туулган Миколай Ланецкий Шелк Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына агып кеткен.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 31-июлда билдирген маалыматына караганда, каза болгон адам Исфайрам дарыясына
салынган эски, бузулган асма көпүрөнүн жоон аркандары (трос) аркылуу белине жип
байлап аркы өйүзгө өтүп бара жатканда сууга түшүп кетип, 9-10 метрдей
ылдыйда дарыянын аркы өйүзүндөгү ташка оролуп, такалып калган. "30-июлда да куткаруучулар анын денесин ар кандай ыкмалар менен
чыгарууга аракет кылышкан, бирок дарыядагы суунун агымы катуу
болгондуктан, аркы өйүзгө өтүүгө атайын шаймандар жок, чыгара алышкан эмес. Бүгүн да куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
-1

Сунушуңузга рахмат. Аракет кылабыз.
Кабарлар ИИМдин басма сөзү берген маалыматы боюнча чыгат. Бул маалымат азыр такталып жатат. Рахмат!