super.kg logo
  Саясат  

"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Алмазбек Атамбаев "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – фракциялар курамындагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш тартибин так регламентациялоо, ошондой эле депутаттардын мыйзам чегинде фракциядан тышкары эркин депутат катары же депутаттык топтордун курамында жүрүүнү четтетүү.

Бул мыйзам “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын "депутаттын түзүлүүчү фракциянын курамына кирбей эркин депутат болуп калууга, ошондой эле фракциядан тышкары депутаттык топторго биригүүгө укуктары бар" деген жоболор Конституцияга каршы келери жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы №48-Р чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: