Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун партиялары кайра бөлүнгөнү тууралуу маалымат чыкты
Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов төрагалык кылган "Республика-Ата Журт" партиясы кайра экиге бөлүнгөнү тууралуу маалымат чыкты. SUPER.KG маалыматты ырастоо үчүн аталган партиянын өкүлү Нурлан Шакиевге байланышты. Шакиев айтылган маалыматтарды четке какты. "Эч кандай бөлүнүп-жарылуу болбойт, бул жөн айтылып жаткан сөз. Эки лидер шайлоого бирге барат",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, Ташиев менен Бабановдун партиялары бириккени 2014-жылдын 20-октябрында расмий жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















