Кудайберген Базарбаев, министр: "Биздин максат - элге балык эмес, кайырмак берүү"
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлү Рам Саранамутту менен бирге Ош облусундагы "Эмгек үчүн өндүрүш" долбоорунун жыйынтыгына карата жыйын өткөрдү.
Аталган долбоор Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 27 айыл өкмөткө караштуу 170 айылда ишке ашырылып келгенин билдирет министрлик. "Кыргыз мамлекетинде учурда 103 миң жакыр үй-бүлө жашайт. Алар ай сайын социалдык жөлөк пулдарды алышат. Биздин максат - алардын кыйынчылыктан кутулушуна жардам берүү, экономикалык жактан көз карандысыз болушуна көмөктөшүү. Башкача айтканда, аларга балык эмес, кайырмак берүү",- деди министр Базарбаев.
БУУнун өкүлү долбоордун алкагында суу каналдарын калыбына келтирүү, өсүмдүк өстүрүүнү колдоо, дарыя жээктерин бекемдөө иштери жүргөнүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

