super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев билим берүү тармагын реформалоо зарылдыгын Эльвира Сариевага айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына Билим жана илим министрлигинин учурда аткарып жаткан иштери жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндө маалымат берилди.

Сариева жогорку окуу жайларды оптимизациялоо жаатында жана мамлекеттик ЖОЖдордун уюштуруу-башкаруу түзүмүн жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. “Юридикалык статусу бар 23 институтту жабуу боюнча чаралар көрүлдү. Бул ишти аягына чыгаруу үчүн мамлекеттин жогорку окуу жайлары 2015-жылдын 1-сентябрына чейин кайра каттоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү”,- деди министр.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босоголук баллы бирдиктүү 110 балл болуп аныкталгандыгы абитуриенттердин даярдык деңгээлин жогорулатканын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүү экендигин белгилеп, реформалардын натыйжасында билимдин сапатын жогорулатуу, ата мекендик илимдин өнүгүшү жана жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо үчүн шарттардын түзүлүшү керектигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: