Папан айыл өкмөтүнө караштуу 9 калктуу конуш айыл категориясына киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн бир катар калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документти парламент быйыл 25-июнда кабыл алган. Мыйзам калк жыш жайгашкан тилкелерди өнүктүрүү үчүн аймактык-административдик түзүлүштү иретке келтирүүгө багытталган. Төмөнкү калктуу конуштар айылдардын тизмесине кошулду:
Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагул,
Жаңы-Турмуш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















