super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСин жаңылоого насыя бөлүү боюнча келишимге кол коюлду

 

Бүгүн, 31-июлда премьер-министр Темир Сариев Евразиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн кабыл алып, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы” инвестициялык насыясын бөлүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. 

Долбоордун наркы 100,0 миллион долларды түзгөн бул каражат насыя түрүндө берилет. Анын мөөнөтү 20 жылды түзүп, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл жана пайыздык үстөгү жылына 1 пайыз деп эсептелет. Долбоордун аткаруучу агенттиги – Энергетика жана өнөр жай министрлиги.

Аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыковдун айтымында, долбоордун ишке ашырылышы менен Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 30-40 жылга узартылат, ошондой эле ГЭС кошумча кубаттуулукка ээ болуп, ал 20-40 пайыз жогоруламакчы. Натыйжада жалпы өлкө боюнча күз-кыш мезгилинен өтүүнүн сапаты жакшыртылат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: