super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруганы Швейцария Конфедерациясынын күнү менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруганы Швейцария Конфедерациясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында: “Ушул жылдын март айында сиз менен Берн шаарындагы жолугушууну жылуу эскерип, конструктивдүү жана жемиштүү өткөн сүйлөшүүлөргө канааттандыруу билдиремин. Эки тараптуу өз ара аракет мындан ары да биздин мамлекеттердин кызыкчылыгында өнүгө берерине ишенем”,- деп белгиленет.

Атамбаев Симонетта Соммаругага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик, ал эми достук мамиледеги Швейцария элине тынчтык жана бейпилдик каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: