super.kg logo

"Ата Мекен" фракциясынын лидери десантчыларды Аба десанттык аскерлер күнү менен куттуктады

 
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 31-июлда десантчыларды Аба десанттык аскерлер күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"2-августта биз чоң аскер майрамдарынын бири Аба десанттык аскерлер күнүн майрамдайбыз.

Бул күн бизге дайыма мурда СССР аймагындагы республикалардын аймагынан келишип бирге аскер кызматын өтөшүп, баарыбыздын жалпы мамлекетибизди коргогон шаңдуу жана ырааттуу күндөрдү эстетет.

Десантчылар - куралдуу күчтөрдүн элитасы. Бардык мамлекеттерде алар топтогон тажрыйбаны жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого пайдаланып, ардагерлерден татыктуу тарбия алууга аракет кылышат. Биздин мамлекетибизде дагы десантчылардын уюмдары коомго пайдалуу иштерди аткарып келишет. Алар жаш муундарды окутушат, тарбиялашат, өздөрү билгендерин жана акылын аларга беришип, үйрөтүшөт.  

Кыргыз мамлекетинин десантчылары мурдагы СССРдин десантчылары бириктирген союзга, былтыркы жылдан баштап Эл аралык союзга да мүчө болуп эсептелет. Бул десантчылар үчүн гана эмес, биз үчүн дагы абдан маанилүү. Кыргыз мамлекетинин десантчылары өзгөчө орусиялык кесиптештери менен өтө жакын достук мамиледе кызматташып келишет. Согуштун оор жолдорун бирге басып өтүшкөн бул эки өлкөнүн жоокерлери Бишкекте же Рязанда болобу, бири-бирине зарыл учурда достук колун сунарына терең ишенишет. 

Урматтуу десантчылар! 

Чын жүрөгүмдөн майрамыңар менен куттуктайм! Силерге каармандыкты каалоонун зарылчылыгы жок, анткени ал силерде дайыма болгон. Силерге ийгиликтерди каалайм! Кырсыктар силердин үйдү айланып өтсүн, ылайым жергебизде тынчтык болсун! 

Туура айтышат, мурдагы десантчылар болбойт. Биз билебиз, силер барда Ата Мекенибиз таш дубалдын артындагыдай бекем корголот. Силерге ачык асман, чың ден соолук жана бакыт каалайм!"


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
31.07.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Текебаев калктын ар бир катмары менен маектешкенге аркет кылат. Башкаларга окшоп бой көтөрбөйт!
31.07.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаев калк учун иштеген инсан ,бирок негедир копчулук ал кишини колдой бербей.Текебаевдей инсан чанда кездешет болуш керек.
31.07.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Текебаевге ырахмат аскерде кызмат кылган кундорду эске салды. Сизди дагы майрамыныз менен куттутайбыз, аман болунуз.
01.08.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Текебаев азамат ата мекен алга
01.08.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Текебаев эн жакшы политик муну баарыбыз билебиз рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: