super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткендеги 19 миңдей адам жашаган айыл өкмөтүндө бир айдан бери ичүүчү жана сугат суу жок

 
31-июлда Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман: "Баткендеги 19 миңдей калкы бар айыл өкмөттө бир айдан бери ичүүчү жана сугат суу жок. Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында таза суунун жоктугунан тургундар 10 чакырым алыстыктан сууну алып келип колдонушууда. Чек аралаш аймак катары каралган Самаркандек айылына таза суу 40 чакырым алыстыктагы Андеген деп аталган жерден атайын суу түтүгү менен келет. Бүгүн ушул маселе боюнча адамдар талкууга чыгышты. Анда ичүүчү суу келген түтүктөрдү сугатка пайдалануу үчүн жолдон жергиликтүү эл каалаган жерден тешип алганын, мындан улам аталган айылга суу жетпей жатканын айылдык кеңештин депутаты Өмүрбек Дыйканов айтты",- деп билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.08.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара Баткен элинин баштарынан коптогон кыйынчылыктар отуудо буйруса баары жакшы болот.
01.08.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайлоо го угутоо иштери башталып калды эми жепутат болом дегендер суу чыгарат
01.08.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Oo менин айылым го
Ал Андеген суусу 1-ден аз, самаркандек айылы чон айыл ал суу жетпейт ал айылга,
2-ден ал тутукчо ак-татыр аркылуу откон ал сууну эч качан толугу мн ал жерден алып отуу мумкун эмес
3-дон айылга сууну, тожикистанга кетип жаткан кок-таш дарыясынан алып келиш к.к
А суугат сууну болсо озубуздун сууну тажиктерден суранып алабыз ал суунун нугун кыргызстанга бурса болот деп уккам эгер ошону кыргызстанга алса ал жерде бир гана самаркандек эмес башка айылдар д
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: