super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

 
Бүгүн, 1-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз искусствосу 30-июлда орду толгус оор жоготууга учурады. 68 жаш курагында күтүлбөгөн кырсыктан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, даңазалуу актёр Мукамбет Токтобаев дүйнөдөн кайтты. Ал 1947-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген.

Туулган жеринде орто мектепти аяктаган соң, 1964-1965-жылдары алгачкы чыгармачылык жолун Балыкчы шаарынын Маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1967-жылдары Ысык-Көл облусунун Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болгон. 1967-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы Мамлекеттик театр өнөрү институтунун актёрдук факультетине өтүп, аталган институтту 1972-жылы бүтүргөн. 1972-1976-жылдары Ош облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенет. 1976-жылдан тартып 1990-жылга чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылык жолун уланткан. 1990-жылдан 1995-жылга чейин жаңы ачылган “Туңгуч” эксперименталдык жаштар театрында эмгектенип, 1995-жылы кайрадан өзү иштеп кеткен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына келип кирет. Ошол кезден тартып өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда актёрдук кызматты аркалап келди. 

Мукамбет Токтобаевдин өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө театрда жана кинодо ойногон ролдору жүздөп саналат. Сахнада Ж.Б.Мольердин “Дворяндыкты эңсеген көпөсүндө” Журдендин,
М.Горькийдин “Акыркыларында” Иван Коломейцевдин, К.Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбектин, М.Каримдин “Ай тутулган түнүндө” думананын, Б.Жакиевдин “Миң кыялында” Токтогулдун, Т.Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөтүндө” Машырбектин, Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсарысында” Танабайдын,
В.Шекспирдин “Король Лиринде” Лирдин, Ж.Кулманбетовдун “Чыңгызхандын купуя сырында” Чыңгызхандын жана башка ролдорду чегине жеткире аткарган.

Ал эми “Он үчүнчү небере”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Сокур кемпир көрөгөч”, “Той”, “Чиркин өмүр” “Белгисиз маршрут”, “Чыңгызхандын ак булуту” жана башка ушул сыяктуу тасмаларда ар түркүн жанрдагы жаркын образдары менен журтубуздун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Залкар инсан дээрлик 50 жылдык талыкпаган чыгармачылык жолунда элибиздин эсинен кеткис жүзгө жакын театр жана кино образдарын жаратып, калкыбыздын рухий казынасынын байышына опол тоодой салымын кошту.

Мукамбет Токтобаевдин ак эмгеги өз баасын алып, 1974-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, 1975-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1986-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2000-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамына татыктуу болгон. 1994-жылы Египеттеги Театр фестивалына катышкан. 2001-жылы М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, 2002-жылы “Кинонун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
01.08.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайран киши жаткан жери жайлуу болсун
01.08.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнегедир аябай озумчо жаман болтам,жаткан жериниз жайлу болсун Аллахым озу сизге БЕЙИШТЕН орун бере корсун.Унутулгус болуп омур бою Кыргыз элимдин эсинде кала берес.
01.08.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу болсун.
01.08.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмот баягыдай эле олгондо сыйлап жатышат
01.08.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bostery, сыйлыктары коб эле кен
01.08.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жериниз жайлуу болсун! Аллахым бейиштен орун берсин. Чиркин дуйно деген ушул белем,бугун бар эртен жок.
01.08.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жаман болтам... Жаткан дери жайлуу болсун ......
01.08.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир жаш балдар ушундай катуу айдашат. Кудай озу жазасын берсин!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-08-01 18:32:12
01.08.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: