Алмазбек Атамбаев Индиянын экс-президенти Абдул Камалдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өлкө президентине көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Индия өлкөсүнүн мурунку президенти, белгилүү окумуштуусу жана мамлекеттик ишмери, доктор Абдул Камалдын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Индия Республикасынын Президенти Пранабу Мукержиге көңүл айтты. Бул тууралуу 31-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Анын Индиянын космостук изилдөөлөрүнүн жана коргоо технологияларынын өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы, ошондой эле саясий жана илимий-гуманитардык ишмердүүлүгү толугу менен өзүнүн мамлекетине жана Индиянын элине кызмат кылууга арналган”,- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Индия элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

