Америка чалгыны талибдердин башчысы Молдо Омардын өлгөнүн ырастады

Американын чалгындоо кызматы 1-августта "Талибан" кыймылынын башчысы Молдо Омардын каза болгонун ырастады. Үч күн мурун Ооганстандын өкмөтү да мындай маалыматты расмий түрдө тастыктаган. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта АКШнын расмийлерине шилтеме берип чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Америка чалгынынын билдирүүсүндө "Молдо Омардын көз жумганы тууралуу маалымат ачык-айкын болгонуна карабастан, анын өлүмү Ооганстандагы туруктуулукту сактоо аракетине чоң өбөлгө түзөт" деп жазылганы айтылды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Буга чейин “Талибан” кыймылы менен Ооганстан бийлиги тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүсү Кытайда же Пакистандын аймагында өтөрү айтылган. Молдо Омардын өлүмү ачыкталгандан кийин эки тараптуу сүйлөшүү болбой калуусун чет элдик басылмалар жазышууда.
"Талибан" кыймылын 90-жылдары Молдо Омар негиздеген. Кийин бул кыймыл Ооганстандын көп бөлүгүндөгү бийликти басып алып, 1996-жылы Ооганстан Ислам Эмираты мамлекетин түзгөн. Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып турушкан. Аталган кыймылдын жетекчиси Молдо Омар 2001-жылы НАТО күчтөрү Ооганстанга киргенде өлкөдөн качууга мажбур болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эми менин жеке оюм, Украинанын солдаттары озунун мамлекетинин биримдуулугу учун согушту .
2010 жылдагы Ош окуясы мисалга келтирсек болот. Ошондогу озбектер орустардык кыймылындай эле , туштукту автономия кылабыз деген. Ал эми биздин солдаттар, жана чыныгы кыргыздар Украинанын кыймылын жасады.