super.kg logo

Жалал-Абадда 6 ай аралыгында 870 килограммдан ашуун маңзат алынды

 

Бүгүн, 1-августта Жалал-Абад ОИИБи 2015-жылдын 6 ай ичинде баңгизатка каршы күрөшүү жана аткарган иштери боюнча маалымат таратты. Белгилүү болгондой, 6 ай ичинде 95 кылмыш аныкталып, 873 килограмм 378 грамм ар түрдүү баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Анын ичинен: марихуана - 128 килограмм 746 грамм, гашиш - 19 килограмм 632 грамм, канабис (кендир) - 5 килограмм, прекурсорлор - 128 килограмм 746 грамм, апийим - 600 грамм, героин - 6 грамм. 2015-жылдын жай айларында республиканын  аймагында өткөрүлүп жаткан «Мак-2015» аталышындагы атайын иш-чаралардын алкагында «Кара куурай»  аталган ыкчам-алдын алуу операциясы Жалал-Абад ОИИБинин жана ШРИИБинин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында төмөндөгүдөй иштер аткарылды: 

операция учурунда Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизатка байланыштуу 3 кылмыш иши аныкталып, бети ачылып, анын ичинен 2 кылмыш иши баңгизатын мыйзамсыз сактоо, 1 кылмыш иши баңгизат өсүмдүктөрүн мыйзамсыз эгип өстүрүү фактысы аныкталды. Милиция кызматкерлери аныктаган фактылар боюнча жалпы 181 килограмм баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: