super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик шайлоого катышарын 34 партия расмий билдирди (толук тизме)

 
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-августта парламенттик шайлоого катышчу саясий партиялардын расмий билдирүүлөрүн кабыл алууну токтотту. БШКнын шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүүчү жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Азиз SUPER.KG порталына билдиргендей, шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирди. Алар төмөнкүлөр:
- "Ата Мекен" 
- "Өнүгүү-Прогресс" 

- "Республика-Ата Журт" 

- "Бир бол"

- "Кыргызстан"

-  КСДП

- "Мекен ынтымагы"

- "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек"

- "Ар-намыс"

- "Азаттык"

- "Ыйман нуру"

- "Ак калпак"

- "Тартип-Порядок"

- "Кут"

- "Билим-илим ордосу"

- "Кыргызстандын жумушчулар партиясы"

- "Глас народа - Эл добушу"

- "Өндүрүш, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоочулардын партиясы"

- "Улут ордо"

- "Жаңы мезгил"

- "Кыргыз-Ата"

- "Чындык"

- "Бирге-Вместе"

- "Кайран эл"

- "Кыргызстан элдеринин конгресси"

- "Жашылдар партиясы"

- "Эгемен Кыргызстан"

- "Союз"

- "Улуу Кыргызстан"

- "Аруу эл"

- "Келечек-Будущее"

- "Замандаш"

- "Свобода и демократия"

- "Аалам"

2010-жылкы парламенттик шайлоого 29 партия катышкан эле.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, шайлоочулардын тизмеси таанышуу үчүн 20-августка чейин жарыяланат. Шайлоочунун тизмеде бар экендигин тастыктаган билдирмелер 25-августка чейин таратылат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого карата үгүт иштери 4-сентябрда расмий башталары жарыяланган. 

БШКнын мүчөлөрүнүн чечими менен эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү 4-сентябрдан 1-октябрга чейин уланмакчы. Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо 24-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктарды массалык маалымат каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн кийин эки апта ичинде уюштурулмакчы.

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: