Сузактын Кыр-Жол айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундары үчүн курулуп жаткан үйлөр бүткөнү калды





Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында премьер-министр Темир Сариев облустун селден жабыркаган Кыр-Жол айылынын тургундары үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн абалын көрдү. Бүгүнкү күндɵ аянты 90 чарчы метр болгон 8 үй курулууда, алардын ар бир чарчы метри 350 долларга бааланып жатканы айтылды. Курулушка бюджеттен 11 миллион 800 миң сом бɵлүнгɵн.
Премьер-министр аймактагы жолдор оңдолуп, жаңы көмөк чордон орнотулуп, калк үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болорун билдирди. Курулуш иштерин быйыл 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

окшоп Калп эле элге жакшы көрүнө берет экен.