Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты
Ысык-Ата районунда мал уурулукка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-август күнү милиция кызматкерлерине 35 жаштагы Ш.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда ал короосунда байланып турган торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Ш.М. жана 30 жаштагы Ш.М. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.