Баткенде 7672 бөтөлкө контрафакттык алкоголдуу ичимдиктер колго түшүрүлдү
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткендин Лейлек районунан 7672 бөтөлкө контрафакттык алкоголдуу ичимдиктер тартылып алынды. Бир катар ишканалар тарабынан өндүрүлгөн алкоголдуу продукциялар рейддин жүрүшүндө 3 жайдан табылганын бүгүн, 3-августта аталган мекемеден билдиришти.
Автор: Автандил Добулбеков
"7672 бөтөлкө продукциянын ичинен 7444 бөтөлкөсү күмөндүү акциздик маркалар менен табылды, ал эми 225 бөтөлкөдө акциздик марка болгон эмес. Алынган контрафакттык продукциялардын катарында 783 бөтөлкө коньяк, 228 даана энергетикалык суусундук болгон",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.