Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда рублдун курсу кайрадан төмөндөдү

Бүгүн, 3-августта Бишкекте рублдун курсу кайрадан төмөндөдү. Акча алмаштыруучу жайларда 1 рублду сатуу 1 сомго барабар болуп жатат. Ал эми сатып алуу 95 тыйынга түштү. Рубль курсунун 1 сомдон төмөн болушу өткөн жылдын декабрь айында болуп, 1 рублду сатып алуу 75 тыйын, сатуу 80 тыйындын тегерегинде болгон.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болуп келүүдө.
Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
tynara81

03.08.2015. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Араң акча таап атканыбызда доллардын кымбаташы, рублдун төмөндөшү маанайыбызды түшүрүп атат. Анысына деле макул, тынччылык эле болсунчу, тынч болсун мекендештер кайда жүрсө да.
beben

03.08.2015. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доллар которулуп Америка дуйнону башкарып жатса биз мамилебизди узуп отурабыз. Албетте алардын бизге жасаган мамилеси эч кимге жаккан жок бирок Американы туура пайдалансак болот элеби деп ойлойсун
aziziko

03.08.2015. 19:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beben, туура айтасын алардын кылганы туура эмес бирок Американы туура пайдалансак болот эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.