super.kg logo
  Саясат  

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди

 
Президент Алмазбек Атамбаев "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Бул мыйзам менен Жер кодексине жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык, жер тилкесин өндүрүп алуу боюнча кайрылуу болгондо чет өлкөлүк банктар менен каржылык-насыялык адистешкен мекемелердин менчигине берилген айыл чарба багытындагы жерлерге болгон менчик укугунун мөөнөтү кыскарат жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан ижарага алуу мөөнөтү өзгөрөт. Мыйзам менен "айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер тилкесин 5 жыл бою пайдаланбаган учурда ал жер кайра алынат, ал эми убактылуу пайдалануудагы калктуу конуштардын жерлери ошол жерлердин максаттуу багытына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилет" деп аныкталат. Ошондой эле жер тилкесинин ижарага берүү мөөнөтүн узартуу тартиби да регламенттелет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: