“Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты – банктар менен каржылык-насыялык адистешкен мекемелердин айыл чарба багытындагы жерлерге убактылуу менчик укугунун мөөнөтүн кыскартуу, мурда берилген насыяларды камсыздоо катары сатып алуу, алып коюу жана өткөрүп берүүдөн улам банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлктү кармоонун мөөнөтүн кыскартуу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

