Ырчы Омар эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду



Ырчы Омар эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Талас облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Айта кетсек, Омардын жактоочусу Ороз Мадымаров 30-июлда Талас райондук сотунун чечимин өзгөртүү боюнча облустук сотко кассациялык даттануу жолдонгон. Даттанууда райондук соттун чечимин өзгөртүп, ырчы Омарды үй камагына чыгаруу жөнүндө айтылган. Бүгүн Талас облустук соту ал даттанууну караган. Соттук коллегиянын чечимине ылайык, Омар Талас облусунун аймагынан эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.
28-июль күнү Талас райондук соту Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.
Омарды колдогон митинг
Омардын соттогу көрсөтмөсү

Эртен эмне болушун эч ким билбейт. Бул кундорду тез унутулуп жакшы кундор куттурбой келет деген ойдомун. Баардык нерсени жакшылыкка буруп койолу. А бул убакты болсо жаш кездеги каникулдагы кезди эстетуучу убак деп коюнуз.
Супер инфо толук маалымат берсенер??