super.kg logo

Баткенде 200дөй кыргыз-тажиктин ортосунда жаңжал чыкты

 
Баткенде 200дөй кыргыз-тажиктин ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Учурда абал турукташканын айтты. 

"Окуя бүгүн, 3-августта болду. Баткен районунун Көк-Таш айылынан 80 кыргыз, Тажикстандын Чорку деген айылынан 120 тажик чогулуп, суу жана жол маселеси боюнча жаңжалдаша кетишкен. Анткени алгач Чорку айылынын эли Көк-Таштын жогору тарабындагы Майское айылындагы мүрзөгө бара турган жолду тосуп салган. Ага жооп катары Көк-Таштын эли Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салган. Алар бири-бирин угушпай ызы-чуу чыгарышкан, бири-бирине таш ыргытышкан. Азыр эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, абал турукташып калды",- деди Бөрүбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(49)
03.08.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жаман иш ушундай,чек ара маселесин тезинен чечиш керек аткаминерлер.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: