Бишкекте биринчи жолу Кытай филармониялык оркестринин концерти өтөт
Бишкекте биринчи жолу Кытай филармониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, дирижёр Ся Сяотэн баштаган филармониялык оркестр кытай жана кыргыз классикалык музыкасына таандык чыгармаларды аткарат. Концерт 8-август күнү Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.
Айта кетсек, буга чейин Кытай филармониялык оркестринин чыгармачылык кечеси Лондон, Вена, Нью-Йорк, Токио, Сингапур, Рим шаарларынын концерттик залдарында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















