Баткенде кайрадан ок атышуу болуп, абал курчуду

Баткенде бүгүн, 4-августта кыргыз-тажик жарандары кайрадан ок атышып, абал курчуду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуяга күбө болгон тургун кабарлады. Анын айтымында, 3 кыргыз жаранына таш тийип, оор абалда ооруканага жөнөтүлдү. "Эки тараптан 100дөй эл чогулуп турган. Бири-бирин таш менен уруп башташты. Ок да атылды, бирок андан жаракат алгандар бар же жок экени белгисиз. Ал эми 3 кыргыз жаранынын башына таш тийип, ооруканага жиберилди",- деди ал.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, кечээ, 3-августта да ушул эле Баткен районунун Көк-Таш айылынан 80 кыргыз, Тажикстандын Чорку деген айылынан 120 тажик чогулуп, суу жана жол маселеси боюнча жаңжалдаша кетишкен. Анткени алгач Чорку айылынын эли Көк-Таштын жогору тарабындагы Майское айылындагы мүрзөгө бара турган жолду тосуп салган. Ага жооп катары Көк-Таштын эли Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салган. Натыйжада уруша кетишкен. Андан кыргыз тараптан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Баткендиктер биз илер мененбиз!!