Башкы прокурор Индира Жолдубаева бир жумага эмгек өргүүсүнө чыкты

Өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаева кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Учурда Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын аймагында",- деп кабарлашты мекемеден.
Эскерте кетсек, И.Жолдубаева 2015-жылдын 29-январында башкы прокурор болуп дайындалган. Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

