Мамлекеттик каттоо кызматынын 17 кызматкери Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгына учурады
Мамлекеттик каттоо кызматынын 17 кызматкери Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка учурады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 5-августта аталган мекеменин басма сөз кызматынан Элзат Кыдырмышева кабарлады. Анын айтымында, жол кырсыгынан айрымдары оор жаракат алган.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Кичи автобус менен кечээ, 4-августта 17 кызматкер Бишкектен Жалал-Абадга жөнөп кеткен эле. Жолдо бара жатып саат 18:30дар чамасында Токтогул районунда жол кырсыгына кабылышкан. Кызматкерлер биз менен байланышып, абалды түшүндүрүштү. Айрымдарынын абалы оор болсо, көпчүлүгү жеңил жаракат алышкан. Ошол замат баары Токтогул районундагы ооруканага жаткырылды. Бүгүн 10го чукулу Бишкекке алынып келинет. Учурда мекеме башчысы Алина Шаикова жаракат алгандардын абалын көрүп, Токтогул районунда",- деди Кыдырмышева.
Жол кырсыгы эмнеден улам болгону азырынча белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Artyr1994

05.08.2015. 12:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай эскертип жатат да таза иштегиле деп.
aibo_85

05.08.2015. 14:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тезирээк айыгып кетишсин, биометрикалык маалыматтар жоголуп кетпесин эми.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.