super.kg logo

Ошто орозо-битирдин эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө

 

Ош облусунун казыяты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2015-жылдагы орозо-битирдин эсебинен жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта аталган казыяттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-август күнү Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов баштаган казыяттын жамааты Ош облустук балдар ооруканасында болуп, жардамга муктаж балдарга кайрымдуулук иретинде акчалай жардам тапшырды. Ошол эле күнү Кара-Суу районундагы атайын дүлөй балдар үчүн
жатак-мектебинин балдарынан жана Ош шаарындагы “Мухсин Нур” көзү азиздер коомунун мүчөлөрүнөн кабар алынып, алардын да муктаждыктарына жараша акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан бүгүнкү күнгө карата жеке кайрылган жарандарга жана балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 55 900 сом материалдык жактан көмөк көрсөтүлдү. 

Эскерте кетсек, казыят тарабынан мындай кайрымдуулук иш-чаралары облустун бардык аймактарында улантылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.08.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла раазы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: