super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-казак чек арасындагы бажы постторунун ачылышы күтүлүүдө

 
Кыргыз-казак чек арасындагы бажы постторунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу 5-августта SUPER.KG'ге өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова кабарлады. "Бажы постторунун расмий ачылышы 6-августта же 7-августта болот. Биз азырынча тактап жатабыз, толук маалымат 2-3 сааттан соң берилет",- деди ал.  
Айта кетсек, кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгону кабарланган. Буга чейин аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары Владимир Путин, Александр Лукашенко жана Серж Саргсян кол койгон.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: