super.kg logo

"Ата Мекен" жана "Күчтүү Кыргызстан" партиялары чогуу билдирүү жасашты

 
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери
Аида Салянова, “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын лидери
“Ата Мекен” жана “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиялары парламенттик шайлоо алдындагы түзүлгөн саясий кырдаалды эске алып, боло турган бул маанилүү саясий кампанияда жана андан кийин дагы биргеликте иш алып баруу чечимине келип отурушат.

Мындай чечим партиялардын саясий платформаларында белгиленген негизги маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен келип чыкты. Саясий платформалар мыйзам үстөмдүгү идеясынын негизине таянат. Мамлекеттин бүтүндүгү, уюшулган кылмыш жана терроризм менен күрөшүү, бийлик менен криминалдын жуурулушуп кетишине жол бербөө – ар дайым биздин партиялардын көңүл борборунда.

Мамлекеттик башкаруу тармагында биз саясий реформаларды улантып, парламенттик демократия жолу менен кете беребиз. Мамлекеттик институттар адам укугун демократиялык өлкөнүн эң башкы байлыгы катары туу тутушу зарыл. Биз мамлекеттик башкарууда жаңы салтты көрсөтүүгө даярбыз, анда кесипкөйлүккө гана таянып, баарын ачык көрсөтүп, эл алдында жооп берип турушубуз, чынчылдык, адамдык жогорку моралдык сапаттар, рухий нарк-насилди алып жүрүү милдет.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы менен “Күчтүү Кыргызстан” саясий партиясынын эң негизги багыттары  – коррупция менен күрөшүү, сот реформасы, экономиканы жаңылоо, жакырчылыкты жоюу, жаңы инновациялардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү, аялзаты менен жаштардын маселелерин чечүү болуп саналат.

Биздин партияларды мыйзамдуулук менен жоопкерчиликке негизделген күчтүү мамлекетти куруу идеясы бириктирип турат. Партияларыбыздын мүчөлөрү бир ооздон жетишкен күчтүү кыргыз өлкөсүндө жашагылары келерин жашырбай, ал үчүн болгон аракеттерин кыларын айтып келишет. Биздин партиялаштар казаны кайнабаган калп менен күрөшүп, өтө пастыкка, ыймансыздыкка, жеке кызыкчылыкка сугарылган саясатка каршы турууга даяр.

Биз биргеликте өлкөнү өзгөртүп, башкаруу системин, калыптанган адаттарды өзгөртүп, мамлекеттик кызматкерлердин, укук сакчыларынын, ишкерлердин, өзүбүздүн да жүрүм-турумдарыбыздан бери өзгөртүшүбүз зарыл. Ошондуктан биз жоопкерчиликтүү, ар бир маселеге өз көз карашы бар, жарандардын жалпы кабыл алынган каада-салтын сыйлаган, өзүнүн күнүмдүк майда кызыкчылыгынан ар-намысын жогору койгон журт кулундарына таянабыз.

Биз таза шайлоо үчүн! Шайлоонун жыйынтыгында кайсы бир партия эмес, алтындай болгон өлкөбүз утушка ээ болсо дейбиз. Партиялаштарыбыздын жалпы идеялары, көз караштары бирдей чыгып, башка көйгөйлүү маселелер боюнча оюбуз бир жерден чыккандыктан, аларды ишке ашырууда кызматташтык гана утуп чыгарын сезип-туюп, шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да иш-аракетибиз эриш-аркак болот деген таризде биригип отурабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.08.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Муну биз башынан эле билген элек. "Ата Мекен" социалисттик жана "Кучтуу Кыргызстан" партияларынын билдируусу оз убагында айтылган саясый кадам. Текебаев менен Салянованын ойлорунун бир жерден чыкканы мыйзам ченемдуу. Кыргыз мамлекетинин келечегин туптоо ушундай азаматтардын колунда биз кучтуу, бирдиктуу Ата мекен учун, бар бол кыргы эли.
05.08.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болду! Ошондо Мелис Мырзакматов да булар мененби? Түшүнбөй калганский...
05.08.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура кадам, мындай биригууну оз убагында баалоо жаркын келечек учун чон жетишкендик!
05.08.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биригип алышып билдируу таратышкандардан тажадык
05.08.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис акада ушулар мн чогуубу админ.
05.08.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыптамасы озуно сонун жарашыптыр, озу дагы сулуу келишимдуу айым. Ишине ийгилик каалайбыз.
05.08.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, beka1207, Altynbekk5, chonkurulush, талкуудан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү! Азырынча оозеки эскертүү! Кайталанса, сайттан четтетилесиңер!
05.08.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен эч кимге ишенбейм бирикседа болунсода оздорунун кызыкчылыгы учунда.
05.08.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис буларга окшогон кучтуу саясатчы эмес,кайра кайра аны жаза бергенибиз туура болбойт. Абийирсиз бийлик менен курошто Мелис туура эмес жол тандады,аны командасы жана партиясы сатып кетти, а убагында Мелис да саткан экен аны да сатты. Таза болушса копко барышат. Мелисти окмот башчы болуп турганда Ошко келген Жоомарт Оторбаев куноосуз деген эле. Эми минтип 7 жылга кесишти. Текебаев гана акты ак, караны карай дей алат. Мынча кызматташып атат кийинки сотто комок корсотсо жакшы эле Мелиске
06.08.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын атка минерлер шайлоону жыйыштырып Баткендеги чек арадагы чырды чечип бергилечи
06.08.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бул жакта баарынын ою шайлодо, ал эми чек арадагы жашаган жашоочуулар жанын колуна кармап, жашап жатышат го , кичине ошол жактарга конулубузду буруп, жлдин коопсуздугун ойлойлу колунан жумуш келген бийлик окулдору, партия лидерлери. Тынчтык заманды камсыздап анан шайлоону.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: