super.kg logo
  Саясат  

Гурбангулы Бердымухамедов: "Кыргыз мамлекети менен Түркмөнстандын кызматташтыгын күчөтөбүз"

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз жерине иш сапары менен келген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар чөйрөдө жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык, газ-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды. Алмазбек Атамбаев: "Бул иш сапардан соң кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталат деп үмүттөнөбүз",- деди президент. 

Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп баратканын белгиледи. Кыргыз мамлекетинин элине жана Алмазбек Атамбаевге Түркмөнстандын саясий жана экономикалык чөйрөдөгү, ошондой эле коопсуздук жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип: "Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз ал мүмкүнчүлүктөрдү арттырабыз",- деген Түркмөнстандын президенти кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан региондо гана эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөөдө жалпы милдеттери менен максаттары бир экенин айтты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: