super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

 

5-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин эки тараптуу кыргыз-түркмөн документтерине кол коюу аземи болду.

Эки мамлекет башчысынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- 2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө" келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашуу тууралуу протокол;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо жана медициналык өндүрүш министрлигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Улуттук илимдер академиясы менен Түркмөнстандын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий-техникалык кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга кызматташуу программасы;

- КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2016-2017-жылдарга маданият жаатында кызматташуу жөнүндө иш-чаралар планын бекитүү тууралуу протокол;

- КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- КРнын Ысык-Көл облусунун жана Түркмөнстандын Балкан велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;

- КРнын Баткен облусунун жана Түркмөнстандын Ахал велаятынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;

- КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги менен Түркмөнстандын Мамлекеттик агенттигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу планы;

Аземдин жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: