super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы кайсы күнү ЕАЭБге толук кандуу мүчө болору белгисиз

 
Кыргыз Республикасы кайсы күнү Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болору белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экономика министрлигинин Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү боюнча бөлүмүнүн башчысы Данияр Болотбек уулу билдирди. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге мүчө болору жакындап калганын айтты. 
"Акыркылардан болуп Казакстандын президенти "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө" келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Бирок Казакстан бул боюнча нотаны Евразиялык экономикалык комиссияга жибере элек. Комиссия нотаны алса эле Кыргыз Республикасына жиберет. Мына ошол учурдан тартып биз ЕАЭБге толук кандуу мүчө болобуз. Так күнү белгисиз, бирок жакын арада киребиз",- деди Данияр Болотбек уулу. 
Экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасын ЕАЭБге кабыл алуу жөнүндө келишим эки-үч күндө күчүнө кирерин билдирген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: