Чүйдө кылмыш жасаган кыргыз жараны Орусияда кармалып, мекенине экстрадицияланды
Орусия "бирөөнүн мүлкүн ачык ээлеп алуу" беренеси боюнча шектелип издөөдө жүргөн Анарбек Борбиевди Кыргыз Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Орусиянын Москва облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Борбиев 2013-жылы Чүй облусунун Москва районунда 50 жаштагы аялдын жалпы суммасы 3 миң АКШ долларга бааланган мүлкүн тоногон. Ал 2014-жылдын июль айында Москва облусунун Балашиха шаарында колго түшүрүлүп, прокуратура түзүмдөрү ага карата экстрадициялык текшерүү жүргүзгөн. Андан соң тиешелүү материалдар Орусиянын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Жыйынтыгында бул мекеме Анарбек Борбиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү чечти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
karona

06.08.2015. 11:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылгылыкты кылып коюп Орусияда качып жургон экен да е, жазасын алсын зоокур.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.