Жол кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда унааны катуу ылдамдыкта айдоо себеп болууда
Жол кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда унааны катуу ылдамдыкта айдоо себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унааны катуу айдап келе жаткан учурда жолдо кандайдыр бир тоскоолдук чыга турган болсо, айдоочу рулду башкара албай калат. Бул учурда унаанын жолдон чыгып же аңтарылып кетиши толук мүмкүн. Ошондой эле жол кырсыгынын келип чыгышына айдоочулардын мас абалда болгону жана унаа айдап бара жатканда уктап кетүү себеп болууда.
Айта кетсек, Чүй облусунун аймагында өткөн сутка ичинде 8 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапкан. Ал эми 10 адам ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Sayragul

06.08.2015. 11:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындап эле, эч кимди козго илбей ызылдатып кыйынсынышып айдашат. Айрыкча кымбат баалуу машина минген аялдар, жана жаш балдар. Алар учун пешеходдо бироону откоруу, светофордо токтоо уяттай корунот, токтосо дагы так эле сызыкты тепселеп келип токтошот. Пешеход алдыга жылып, айланып отот.
saru

07.08.2015. 00:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде катуу айдагандык,паракорчулук,жана жол белгилери жетишсиздиктен да болтат.МАИ кызматкерлери жаза бергендин ордуна,акча алып жатышса кайдагы тартип орномок эле.Олкодогу тартип мыйзамдан таасир берет деп ойлойм.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.