Орусияда сот баңгизат менен кармалган жумушсуз кыргыз жарандарын 9 жыл 6 айга эркинен ажыратты

Орусиянын Самара облусунун соту баңгизат менен кармалган Х.Т. жана У.Т. аттуу жумушсуз 2 кыргыз жаранын 9 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта аталган облустун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 23-декабрында аталган жарандар 1 килограммдан ашуун баңгизат менен кармалышкан. Андан соң Коопсуздук кызматынын кызматкерлери алардын жашаган жеринен 123 грамм героин табышкан.
Сот кылмышка шектүүлөрдү күнөөлүү деп таап, аларды 9 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды жана аларга 200 миң рубль айып пул салды. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Сунушуңузга рахмат.