super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын салыкчылары тажрыйба алмашышты

 

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги Кытай Эл Республикасынын Салык кызматынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу 6-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева КРнын салык системи жана колдонуудагы салык мыйзамдары менен кытайлык конокторду тааныштырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жакынкы жылдарга карата милдеттери тууралуу айтып берди.

Кытайлык делегациянын башчысы өз кезегинде Кытайдагы Салык кызматынын реформаланышы жана өнүктүрүү тажрыйбалары менен тааныштырып, салыктык тескеп-башкаруу ыкмасы жана өлкөдөгү негизги салыктар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун катышуучулары мындан тышкары президент А.Атамбаевдин 2014-жылдын 18-майындагы Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Кытай Мамлекеттик салык администрациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө ведомстволор аралык меморандумдун алкагындагы кызматташууну чыңдоо жана андан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: