super.kg logo
  Саясат  

"Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 6-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын башкаруу жана административдик ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, унификациялоо. 

Мыйзамдын жоболору менен коомдук-укуктук мүнөздөгү административдик ишмердүүлүктүн негиздери аныкталат, административдик органдар менен жеке, юридикалык тараптардын административдик жол-жоболорду ишке ашыруудагы укуктук мамилелери жөнгө салынат, административдик органдардын административдик актысына, аракетине жана аракетсиздигине даттануунун, административдик актыны аткаруунун, административдик чыгымдарды өндүрүп алуунун, административдик жол-жоболордон улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартиби аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып тогуз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: