Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде диний топ 80дей кыргыз балдарды башка динге үгүттөп жатканы айтылды
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде диний топтордун бири 80дей кыргыз балдарды башка динге үгүттөп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-августта ырчы Роза Шакирова кабарлады. Анын билдиришинче, диний топтордун бири 3-10 жаш курактагы мусулман балдарга Иса пайгамбарды жакындан билүүгө тарбиялоодо.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Диний уюм пансионатка бул балдарды Ош жана Баткен облустарынан эс алдырып келебиз деп алып келишкен экен. Келгендерине аз гана күн болуптур. Кечээ балдарды ойнотуп жатышканда балдардын бирөөсү ыйлап жиберди эле, "ыйлаба, сен баарынан өзгөчөсүң, сени Иса пайгамбар жараткан" деп айтып сооротуп жатышты. Ошондой эле балдарга берип жаткан тарбиясын уксак, "силерди Иса пайгамбар жараткан, силер билген, үйрөнгөн нерселериңерди досторуңарга, бир туугандарыңарга айтышыңар керек. Алар билгенди силер билгиле, силер билгенди алар да билиши керек" деп жатышты",- деди Шакирова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Дуйно бейкабарсынар го. Споносорлору АКШда. РФны билбейм го. Баптисттер бир гана АКШда бар менин билишимче. Европада католиктер. РФ негизи эле проваславдар го.
анан баардыгы тушунуктуу болгон
Ар бир созубуз учун Аллахтын алдында жооп берчу кун келет.
Туура айтасын. Супер Инфо кабар берген адамды коргошу крк. Же Р.Шакирова макулдугун берсе крк.
Bir jolu barsak sozolontup İsa paygambardin surotuno karap irdap atishiptir koldorunda injildi kokuroguno basip kachip chiktik korkup :))