super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Алай районунун Гүлчө айылында бир жылдан бери таштанды чыгарыла элек

 

Алай районундагы Гүлчө айылынын Жумабай Абдиев көчөсүндө бир жылдан бери таштанды чыгарыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.  

Таштанды боюнча айыл өкмөткө барсак, “унаабыз бузук, каалаган жериңерге баргыла” дейт. Таштанды үйүбүздүн алдына чейин толуп калды. Анын жанында кичинекей балдар ойношот. Ар кандай оорулар жугушу толук мүмкүн”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.08.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илгери деп коёюнчу,мен бала кезде айылга (араба менен болуш керек)таштанды чогулткан адам келчү.Биз ага кийилбей калган кийимдерди,кереги жок нерселерди өткөрүп,ордуна жүн боёгон боёк,темене,оймок,шар,конфет (ал короз дечүбүз) сыяктуу майда-чүйдө нерселерди алчубуз.Таштандыны эмне кыларын сурагам да, кызыгыпчы,ошондо айтышкан,аны шифер жасоого колдонушарын.Айылдагы таштандыны ошентип жыйнап кетишчү экен, а калганын өрттөп салчубуз.
10.08.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр айыл жеринде да таштандыны жоготуу өзүнчө маселе.Буга кара койлордун жүнү да кошумча болду,анткени муну сатуу кыйын,эч ким албайт,саны бар, сапаты жок нерселер,желим бөтөлкө менен баштыктарды пайдалануу таштандынын дагы да көбөйүшүн шарттап жатат.
Ошентсе да чогулта бербей,уламкысын улам жоготуп туруш керек го,айласын таап...
10.08.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну чоондорго жеткириш керек
10.08.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылда жашагандан кийин желим бутылка, пакеттерди ошондой эле куйчу нерселерди уйдон эле орттоп койсо болот го. Ушуну да кылгандан эринесинер. Ар биринерде баня, очок бар ошого жаккыла да кочого ыргытпай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: