super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган жергиликтүү тургун ооруканада жатат

 

Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган жергиликтүү тургун ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына ур-токмокко алынган Айтур Камчыбековдун туугандары билдиришти.

Алардын айтымдарында, үстүбүздөгү жылдын 4-август күнү Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын 3 кызматкери Айтур Камчыбековду ур-токмокко алган.

5-август күнү ооруканага кайрылганбыз. Ал жердеги дарыгер “бөйрөгүнө шамал тийиптир” деп туура эмес чечим чыгарды. Мындан улам ооруканадан чыгууга мажбур болдук, себеби жабырлануучу Айтур Камчыбеков “мени милиция кызматкерлери сабашты” деп айткан болчу. Эртеси кайрадан ооруканага алып келдик. Милиция кызматкерлери болсо көп суммада акча сунуштап жатышат, бирок биз баш тарттык. Алар бизди коргоонун ордуна кордоп жатышат”,- дешет жабырлануучунун туугандары.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы: “Ошол күнү Т.Ормошов өзү тейлеген аймакта кызматтык милдетин аткарып жүрүп, карта ойноп жаткан балдарга тарап кетүүнү эскерткен. Бирок мас абалындагы Айтур Камчыбеков милиция кызматкерин сөгүп, формасына асылган. Ошол учурда Т.Ормошов кесиптеши М.Болотбековду жардамга чакырып, Камчыбеков Айтурду унаага салып, мастыгын аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүшүп, Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Андан соң ага карата административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилген. Белгилей кетүүчү жагдай, бул окуяга чейин Айтурдун мас абалда, денеси көк ала болуп жүргөнүн күбөлөр көрүшкөн. Ошондой эле ал буга чейин “зордуктоо” жана “тоноо” беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган”,- деп билдирүү таратышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу темселеп мас болсо, каршылык корсотсо укук коргоочуга ажап болуптур анда.
10.08.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адам соттолгон болсо мурда анда ал красныйларга оч адам экен ал келтекти биродон жейби же милицияданбы кыскасы озунун мунозуно жараша болгонда милицияда жон эле сабай бербейт озуно жараша кылганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: