super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Жайыл районунда 12 үйдү жана 12 унааны таш бараңга алгандарга чара көрүүнү тапшырды

 
Премьер-министр Темир Сариев Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айылында 7-август күнү болгон окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөргө чара көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчы ошондой эле буга жол берген жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону тапшырды. 
"Кыргыз мамлекетинде мындай окуялардын болушуна жол берилбеши керек. Учурда коопсуздук маселеси дүйнө жүзүндө, анын ичинде кыргыз жеринде өтө зарыл. Саясий жараяндардын алдында турганда элибиздин биримдиги эң алгачкы баалуулук болушу керек. Ошондуктан жаңжалды уюштургандар мыйзамга ылайык жазаланышы шарт. Андан сырткары буга жол берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Бардык аймактардагы мамлекеттик органдарга бул жаатта түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырам",- деди Сариев. 
Азыркы учурда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин көзөмөлү алдында окуяга күнөөлүү болгондорду аныктоо боюнча иштер аткарылууда.  
Окуя 7-август күнү кечинде болгон. Анда 15ке жакын белгисиз бала эч себепсиз жергиликтүү тургундардын үйлөрүн таш бараңга алышкан. Анын кесепетинен үйлөрдүн айнектери сынып, унаалар талкаланган. Жабырлануучу катары арыз менен 6 адам кайрылган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары 6 жаран кармалды. 






Жайыл районунун Полтавка айылындагы таш бараңдын кесепети

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: