super.kg logo

Айыл чарба министрлиги: 10-августка карата республика боюнча 2 361 000 гектар аянт сугарылды

 

10-августка карата республика боюнча 2 361 000 гектар аянт сугарылды. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 272,7 миң гектарга көп. Сугарылган 2361,0 миң гектардын ичинен 157,5 миң гектары эрте жаздагы ным топтоо сугаты менен, 1-сугатта 914,0 миң гектар, экинчи жана кийинки сугатта 1289,5 миң гектар аянт сугарылган. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы республика боюнча 1021,8 сугат жери бар. Бүгүнкү күндө республикабыздын бардык райондорунда суу пайдалануучуларды суу чарба кызматкерлери керектүү көлөмдөгү сугат суу менен камсыз кылууда. 

Айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:

- Дан эгиндери – 1-сугаты менен 195,5 миң гектар, 2-сугаты менен 87,7 миң гектар аянт;

- Көп жылдык чөптөр – 1 сугаты – 226,1 миң гектар, 2-сугаты – 288,9 миң гектар; 

- Дан-жүгөрү – 1-сугаты – 87,1 миң гектар, 2-3-сугаты – 164,3 миң гектар;

- Жашылчалар – 1-сугаты  123,6 миң гектар, 2-3-сугаты  239,9 миң гектар;

- Мөмө-жемиштер – 1-сугаты – 31,9 миң гектар, 2-3-сугаты – 53,8 миң гектар;
- Кант кызылчасы  1-сугаты - 4,9 миң гектар, 2-3-4-сугаты – 13,7 миң гектар;
- Пахта – 1-сугаты – 15 миң гектар, 2-3-сугаты 
 34,8 миң гектар; 

- Төө буурчак – 1-сугаты – 46 миң гектар, 2-3-сугаты  92,5 миң гектар;

- Күрүч – 1-сугаты  7,9 миң гектар, 2-3-4-сугаты – 26,7 миң гектар аянт сугарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: